Жолдошум башканы сүйөт
Турмушка чыкканыма 1 жыл болду. Жолдошум башканы сүйөт. Себеби бизди ата-энелерибиз үйлөндүргөн. Ортодо балабыз жок. Жолдошум жок жерден чыр чыгарып уруша берет. Эркек сүйбөсө аял эч качан бактылуу боло албайт экен. Ажырашуу максатым бар. Эмне кылсам болот?
Гүлмира Молдокулова
психолог
Үй-бүлөдө бири-бирине сүйүү сезими жок болсо, айрыкча бул аялдарга эң чоң стресс. Айымдар үчүн сүйүктүү болуу өтө маанилүү. Чынында “жолдошум сүйбөт” деген фактыны моюнга алуу оор. Бирок мындай мамилени улантуу дагы жеңил эмес. Бул позиция кооптуу деп эсептелинет жана мындай учурда эч нерсе жасалбайт. Менин сунушум олуттуу маселени моюнга алып, түшүнгөнгө аракет кылууңуз кажет.
Жеке өзүңүздүн пикириңиз менен ой жүгүртүңүз:
- Жолдошуңуздун жаман жана жакшы жактарын баалап көрүңүз.
- Анын мамилесин түшүнүү үчүн күрөшүү керекпи? Жакшылап ойлонуңуз.
Ажырашуу оңой эмес, бирок сүйбөгөн киши менен жашоо дагы кыйын. Сиз “ажырашуу максатым бар” деп жатасыз. Мүмкүн бул чечимди кабыл алууңузга таарынуу сезими түрткү болуп жаткандыр. Күйөңүздү “сүйбөйсүң” деп күнөөлөнүн дагы кереги жок, себеби ата-энеңер үйлөнткөн. Андан көрө бул чындыкты кабыл алыңыз. Ошондо мамилеңер башка нукка бурулуп башкача жашоо башталат. Балким бактылуу үй-бүлөлөрдөн болосуздар.