Эркек балага атанын тарбиясы керекпи?
22 жаштамын. Баламды төрөгөндө күйөм өз үйүмө алып келип, ошол бойдон келбей койгон. 3 жолу турмушунан ажыраган аял менен жашап алган. Азыр жолдошум чалып, кечирим сурап жатат. Бирок аны менен жашабайм деп өзүмө сөз бергем. Максатым балама жакшы тарбия берип, аман-эсен чоңойтуп алуу. Бирок кээде туруп эркек балага атанын тарбиясы керек деп ойлойм. Экинчи ирет турмушка чыксам болобу же жашоом кайра эле ушундай болуп калабы?
Айгүл Камалова
Балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча эксперт
Урматтуу айым, балага жынысына карабастан эненин да, атанын да мээрими, сүйүүсү, камкордугу жана колдоосу бирдей маанилүү. Эгерде сиз эркек балага сөзсүз эркектин тарбиясы керек деген ой менен кайра турмуш курууга аттансаңыз, туура эмес болуп калат. Экинчи ирет турмушка сизди сүйгөн, балаңызды толугу менен кабыл алып, мээримин төккөн кишини тандаңыз. Азыркы учурда сизге бере турган кеңешим балаңызга болгон сүйүңүздү, мээримиңизди тартуулаңыз.