Семире албай койдум
2018.05.25, 00:59
1526
Ичимде курт барбы билбейм, эч эле салмак кошо албай койдум. Кантип семирсем болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.05.2018, 11:50
Гульнара Абдрахманова
Диетолог
Мурун кандай салмакта элеңиз, ата-энеңиз кандай адамдар, алар толукпу же арыкпы? Мүмкүн ошолорду тартып калгандарсыз. Генетиканы дагы эске алууну унутпайлы. Мүмкүн сиздин салмагыңыздын азайып кетишине лямблиоз, эхинококоз же ашказан оорулары таасир берип жаткандыр. Ошондуктан дарыканадан өз билемдик кылып дарыларды алып иче бербей, диетологго же эндокринологго анализдерди тапшырып, жыйынтыгы нормалдуу чыкса гана салмак кошууну баштаңыз. Спорт менен машыгып, балансталган тамактануу режимине өтүңүз. Жыйынтыгы тез эле болуп калат деп ойлобоңуз. Бир аз күтүү керек болот.
0
Пайдалуу жооп