// //

Намазды кантип толуктоо керек?

2018.05.23, 10:35
1703

1) Намазга келип 1-рекетке кошулсам, бирок имам Фатиханы окуп баштаса, “субханаканы” окушум керекпи же окубаса болобу?

2) 1-рекетке кечигип калсам, “субханаканы” качан окушум керек? Кулак каккандан кийин дароо элеби же 1-рекеттин башындабы?

3) Намазга кечигип келип, акыркы каадада отуруп ташаххудду окуп имам салам бергичекти күтөбүз. Бирок ташаххудду окуп бүтүп жөн олтурбай келимени айтып туруш керек дегендер бар экен. Биз кайсынысына амал кылабыз?

4) Намазга кечигип келип акыркы каадада олтурганда имам салам берип адашу саждасын аткарса, мен да салам берип адашуу саждасын аткарамбы же салам бербей эле сажда кыламбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.05.2018, 14:06

Улан Усупов

Теолог

Имам намаз окуп жатканда кечигип намазга кошулган адамды масбук деп коёт.

1) Эгерде 1-рекетте намазга кошулганда имам үн чыгарып намаз окуп жаткан болсо, "субхаанаканы" окубастан такбир чалып эле намазга кошула берет. Башкача айтканда "субханаканы" окубайт. Ал эми имам 1-рекетти үн чыгарбай окуп жаткан болсо "субханаканы" ичинен окуйт.

2) Биринчи рекетке жетише албай калса, анда рекеттерди толуктап жатканда рекеттердин башында "субхаанаканы" окуйт.

3) Намазга кечигип келип кошулган адам акыркы каадада отурганда бир гана ташаххудду окушу керек.

4) Намазга кечиккен адам акыркы ташаххудда отурганда, имам жаңылуу саждасын кылса, масбук дагы аны ээрчип саждасын кылуусу шарт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт