// //

Сүйлөшкөн кызымдын боюнда бар экен

2018.05.21, 16:55
1290

Жакында чет өлкөгө кетмекмин. Бирок сүйлөшкөн кызым боюмда бар дейт. Үйлөнөйүн десем шартым жок. Оюмда иштеп, акча топтоп келип анан баш кошсок дегем. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.05.2018, 16:56

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк психолог

Балам, боюнда бар кызыңды таштап, үйлөнбөй чет өлкөгө кетип калсаң туура эмес болуп калат. Ал “элдин бетин кантип карайм, баланы кантип багам” деп санаа тартып, боюнан алдырып коюшу мүмкүн. Эркек болгондон кийин жоопкерчиликти алып, үйлөнүп, бейтапканага каттоого тургузуп, текшере турган дарыгери менен таанышып, анан жолуңа чыксаң болот. Сен эч нерсе кылбай туруп басып кетсең, аягы өкүнүчтүү болот. Ага дайым психологиялык, материалдык жактан жардам кылып турушуң керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт