Жатын жарылуусун кантип калыбына келтирем?
Менде жатын жарылуусу (разрыв) болуп жакшы бүтпөй калган. Кандай чараларды колдонсом болот?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, сизде кайсы учурда жатын жарылуусу болгонун тактап жазбаптырсыз. Алгач жатындын жарылуу даражасын билүү керек. Өтө коопту болбосо гимнастика жолу менен, тактап айтканда таздагы булчуңду күчтөнтүү көнүгүүсү аркылуу калыбына келтирсе болот.
Ошондой эле, жатын биринчи жолу кошулганда, биринчи же андан кийинки балдарын төрөгөндө жарылат. Эгер сиздики төрөттөн кийинки жарылуу болсо, дарыгерлер тигип берет. Толук калыбына келтирүү үчүн кам көрүү маанилүү. Болбосо төмөнкү коркунучтар пайда болот:
- жатын ылдыйлап калат
- кийинки төрөттөрдө күч келип, эски жарылуу кайталанат
Мындан кийин балалуу болуу планыңызда жок болсо, косметикалык ыкманы колдонуп, операция жолу менен калбына келтирип алсаңыз болот.