Артыман каралар аңдып жүрөт
Жумуш издеп бир жерге баргам. Алдын ала чалып сүйлөшкөнбүз. Алар мага массаж жасаганды үйрөтөбүз дешкен. Айткан дарегине барсам, интимдик кызмат көрсөтүүчү жер экен. Аларга бойго жете элегимди жана кыз экенимди айтып кетип калдым. Кетээримде “ биздин даректи эч кимге айтпа” деп суранышты. Муну кимге айтсам болот? Милицияга билдирсем, алар кандай чара колдонушат? Мен бул окуя тууралуу милицияга билдирүүдөн мурда, коркунучтан жүрөгүм түшүүдө. Алар менин айтканымды билип калып, артыман аңдып, кармап алып сатып жиберчүдөй сезилип жатат. Бул окуяны кантип унутсам?
Тамара Воронцова
Психолог
Кымбаттуум, башыңыздан өткөн окуя күтүлбөстөн болуп, кабатырланып жатасыз. Себеби сиз ал даректин ыплас, коркунучтуу жер экенин билген эмессиз, жумуш табам деп ишенип баргансыз. Телефон номериңизди билет деп кабатыр болуп жатсаңыз, алмаштырып коюңуз. Эч коркпоңуз, айтылуу жайларга эч кимди зордоп алып барбайт, аркаңыздан дагы аңдыбайт, ала качып кетишпейт. Ишенип коюңуз, аларга сизге окшоп билбей көп кыздар барышат, анан ийгиликтүү кетип калышат. Алсак, барган миң кыздын бирөөсү калат. Андыктан кетип калгандардын баарын аңдып отурууга убактылары жок. Тескерисинче, алар сизден коркушат, анткени дарегин билесиз. Бир нерсе кыла турган болсок, милицияга айтып коет деп кооптонушат. Жашооңузда сиз күтпөгөн көп окуялар болот. Баарына даяр болуңуз жана дайыма тандоо бар экенин унутпаңыз. Муну чоңдордун жашоосу деп коет. Мени аңдышат деп чочулай берсеңиз, жаныңызга досуңузду, байкеңизди алып жүрүңүз. Бара-бара коркуунун кереги жок экенин билип, тынчтанып каласыз. Болгон окуяны жакындарыңызга айтыңыз, алар сизди түшүнөт, мүмкүн жумуш тапканга жардам берет. Мындан кийин жумушту тааныш аркылуу издеңиз. Эми сизде тажрыйба бар, конкреттүү болбогон жарыяларда криминал камтылган экенин билип калдыңыз. Сизге ийгилик каалайм!!!