// //

Кызганычтан кантип арылам?

2018.05.18, 11:57
1186

Аябай кызганчаакмын. Кээде чектен ашып кетем. Кантип бул адаттан арылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.05.2018, 12:18

Каныша Кожогелдиева

Психолог

Сенин жагдайыңа түшүнсө болот. Кызганыч ар бир мамиледе орун алат, бирок чеги менен гана болуусу керек.  Айрымдарда кызгануу махабат  сезими менен бирге өнүгөт. Чеги жок жана өтө көп кызгануунун аягы мамиленин бузулуусу же ишеничтин кетиши менен аяктайт.  Менден сага суроо:

  1. Сенин оюң боюнча “кызгануу” деген эмне?
  2. Сен сүйгөнүңдү чындап эле жактырып кызганып жатасыңбы же жөн гана “ал меники, мен аны кызганышым керек” деген ой мененби?
  3. Кандай учурларда аны кызганасың?
  4. Ал сени кызгандыруу үчүн кандай шарттарды түзөт?

Мына ушул суроолорго жооп берип, анализдеп көрсөңүз болот!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт