Кызганычтан кантип арылам?
2018.05.18, 11:57
1491
Аябай кызганчаакмын. Кээде чектен ашып кетем. Кантип бул адаттан арылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.05.2018, 12:18
Каныша Кожогелдиева
Психолог
Сенин жагдайыңа түшүнсө болот. Кызганыч ар бир мамиледе орун алат, бирок чеги менен гана болуусу керек. Айрымдарда кызгануу махабат сезими менен бирге өнүгөт. Чеги жок жана өтө көп кызгануунун аягы мамиленин бузулуусу же ишеничтин кетиши менен аяктайт. Менден сага суроо:
- Сенин оюң боюнча “кызгануу” деген эмне?
- Сен сүйгөнүңдү чындап эле жактырып кызганып жатасыңбы же жөн гана “ал меники, мен аны кызганышым керек” деген ой мененби?
- Кандай учурларда аны кызганасың?
- Ал сени кызгандыруу үчүн кандай шарттарды түзөт?
Мына ушул суроолорго жооп берип, анализдеп көрсөңүз болот!
0
Пайдалуу жооп