// //

Өзүмө ишене албайм

2018.05.17, 15:20
826

Мен адамдар менен бат тил табышып сүйлөшүп кетем, бирок мамилем көпкө сакталбайт. Мындан сырткары жумушту жүз пайызга мыкты кылдым деген күндө дагы, кемчиликтери чыгат. Башкалардан корунуп турам. Учурда бир бала менен телефон аркылуу сүйлөшөм, бирок жоолукканда бири-бирибизге жакпай калабызбы деп корком. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.05.2018, 16:29

Тынчтык Бакытов

Психолог

Cаламатсызбы! Башка адамдар менен бат тил табышып кеткен сапатыңыз абдан жакшы, анткени бул сапат ар бир кишиде боло бербейт. Сизге психологиялык жардам көрсөтүү үчүн кезигүү зарыл. Кийинки суроолорго жооп берип, кайрадан редакцияга кат жөнөтүңүз:

  • Сиздин жашыңыз канчада?
  • “Ачуум келсе өзүмдү кармай албай калам” деген эмнени түшүндүрөт? Бул учурда кандай кадамдарга барасыз?
  • Ата-энеңиз менен мамилеңиз кандай?
  • Сиз жашаган иштерге ата-энеңиз өз баасын берип турабы?

Өзүңүзгө болгон ишенбестик критиканы көп уккандан болушу мүмкүн. Ата-энеңиз же бир туугандарыңыз буга чейин  жасаган иштериңизди жактырбай же ар дайым сындаса  ошонун кесепетинен.

Жолугушуудан коркуп турсаңыз,  ал тууралуу сүйлөшүп жаткан жигитиңизге ачык билдириңиз.  Мамиле түзүүдө ортодо сыр болбошу керек. Адамдар бирөөнү көрмөйүн, алдын ала жагат же жакпайт деп айта албайт. Андыктан,  көп ойлоно берүүнүн кажети жок. Сиз кезиге турчу адамга мамиле түзөм деп сөз бербегенден кийин коркпой эле коюңуз. Сизге ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт