Чүнчүп кеттим
Социофобиядан кантип арылса болот? Кадимкидей чүнчүп кеттим!
Бермет Наралиева
Психолог
Коркуп, тынчсызданган сезим бардык адамдарда эле кездешет. Себеби адамдын бат-бат стресске кабылуусу, дайым чарчаган абалда болуусу, түпөйүл жан дүйнөсүндө эч ким менен бөлүшпөгөн тынчсыздануусу, бир тынчтык бербеген оорусу же ал ооруунун күчөшү болуп эсептелинет. Мындай учурда адам өзү да эмне болуп жатканын түшүнбөй калышы ыктымал. Бул өзгөчөлүк патология эмес, мындай терс таасирлерге кабылуу ар бирөөнүн турмушунда көп кездешет. Негизи стрессте жүргөн абалды ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө, акылына, деңгээлине жараша чечет. Ошентсе да сиз өзүңүзгө ушул суроону берип көрүңүз:
1. Мен эмнеге коркуп жатам?
2. Мени коркута турган себеп барбы?
3. Мен дайыма ушинтип коркуп жүрүүдөн жакшы эмнени табам, жаман эмне зыяндарды өзүмө алып келем?
Мына ушул суроолордун үстүндө ойлонуп көрүңүз дагы жооп издеңиз.
Эгер сиз адамдардын көзүн карай албай уялып же жашырып сыр каткандай жүрсөңүз -бул сиздин табиятыңыздан тартынчаак же уялчаак экендигиңизде. Ал үй-бүлөдөн ата-энеден берилген кичинеңизден берки тарбия менен байланыштуу. Мезгилдин өтүшү менен көбүнчөсүндө бул нерселер жолго салынат.
Ал эми пикир алышуудагы тоскоолдук өзүнө болгон ишенбестиктен, “мен” деген образдын төмөн бааланышынан, өзүн башкалардан кемсинтүүнүн негизинде келип чыгат. Баланы ата-эне кичинесинен сүйлөп баштаса ур-токмокко алып, сүйлөбөй олтур, сен али жашсың же “баладай болбойсуңбу” деп баланын өзүнө болгон ишенимин төмөнгө чаап, эркин жок кылып, балага башкалардан бир жерим кем деген сезимдин үрөөнүн сээп койгон болсо ал өсүп, өзүнүн түшүмүн берет.
Аны психолог бир жолку жолугушууда эле оңдоп коё албайт. Ал үчүн бир нече сеанс өткөрүү керек. Андыктан бул абалдан чыгууну кааласаңыз сөзсүз жардамга кайрылыңыз.