Апам менен эжем тил табыша албайт
2018.05.17, 12:30
1914
Апам менен эжем тил табыша алышпайт. Бири-бирин көрсө эле ар нерсени шылтоолоп, уруша кетишет. Мен бул нерседен тажап кеттим. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.05.2018, 14:07
Тынчтык Бакытов
психолог
Урматтуу окурман, сурооңуз үчүн рахмат! Сиздин тажап кетүүңүзгө үй-бүлөдөгү атмосферанын бузулушу себепкер. Менде бир канча суроолор пайда болду:
- Сиздин жашыңыз канчада?
- Мектепте окуйсузбу же студентсизби?
- Эжеңиздин жашы канчада жана ал эмне менен алектенет?
- Кандай “окуялардын”, “шылтоолордун” артынан урушуп кетишет?
- Эжеңиз менен апаңыз урушуп жатканда сизде кандай сезимдер болот?
Үй-бүлөлүк чыр-чатактын негизги себеби угуунун жоктугу жана түшүнбөстүк. Психологияда, башка адамды өзгөртүүдөн алыс болобуз. Анткени биз өзүбүздү же окуяга болгон мамилебизди гана өзгөртө алабыз. Жаш өспүрүм болсоңуз, 111 номерине чалыңыз, психологдордон бекер кеңеш ала аласыз. Редакцияга кайрылып, менин байланыш телефондорумду алсаңыз болот. Сизге ийгилик каалайм!!!
0
Пайдалуу жооп