Эмгек келишимин диплому жок түзсө болобу?
Учурда студентмин. Сабактан кийин иштейин дегем. Бирок досторум жумушка расмий түрдө албагандан кийин, айлыгымды ала албай кааларымды айтышты. Эмгек келишимин диплому жок түзсө болобу?
Бактыбек Усупбеков
Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы
Эмгек келишимин түзүүгө сөзсүз түрдө эле дипломдун кереги жок. Жумушка орношуучу адам бухгалтерияга штатка кириши керек. Штатка кирбесе дагы жумушка алынып жаткан адам үчүн жумуш берүүчү тараптан салык төлөнүшү керек. Бул салык кийин пенсияга кошулуп берилет. Бирок көпчүлүк иш берүүчүлөр салык төөлөдөн качып, келишими жок ишке алып, маянаны конверт менен эле берип, кээде бербей да коюшат. Ошол себептүү студенттер, жаштар жумушка орношуп жатканда эмгек келишимин талап кылып, жакшылап окуп, бухгалтериядан акча которулуп жатабы билип анан кол коюш керек. Эгер акчаңызды бербей койсо эмгек инспекциясына кайрылсаңыз болот.