// //

Чалыр көз калыбына келеби?

2018.05.16, 12:18
1409

Байкем 23 жашта. Кичинекей кезинде жыгылып кетип, көзүнө бир нерсе киргизип алган. Операция жасап, аны алып чыгышса дагы көзү түздөлбөй калды. Көзүн түз кылып калыбына келтирсе болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.05.2018, 12:20

Аида Аскеева

офтальмолог, окулист

Урматтуу окурман, сизге суроом бар эле. Байкеңиз чалыр көздүү болуп калганбы же көзү көрбөй калганбы? Эгер көзү көрбөсө аны калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес. Себеби көрүү нервдери өлгөн. Ал эми чалыр көздүүлүгүн оңдото албайт, арадан бир топ убакыт өтүп кеткен. Бирок, дарыгерге барып, текшерүүдөн өтүп көрсүн. Кандай болуп кыйшайган, себеби эмнеде, көздүн көрүүсү кандай экенин карап, ичине текшерүү жүргүзгөндө гана тыянак чыгарып бере алабыз. Мурунку окулисттердин айткандарын, операция кандай өткөндүгү туралуу кагаздарды дагы окуп чыгышыбыз керек. Эгер дарылоого мүмкүн болсо, эмнеге болбосун.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт