Жолдошум "токол алам" дейт
Жолдошум экинчи аял алууну каалап жатат. Эмне кылсам болот?
Гүлбарчын Жумабаева
Өспүрүм курактагы никелер жана зомбулук боюнча эксперт
Урматтуу окурман, Кыргыз Республикасында эки же андан көп аял алууга мыйзам чегинде тыюу салынган. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, өз укугуңузду коргой аласыз. Эки аял, эки үй-бүлө күтүү бул сиз жана балдарыңыз үчүн моралдык-психологиялык жактан чоң сокку болот. Ортодо балдар тынч жагдайда чоңоё алышпайт, психологиясына доо кетет. Муну күйөөңүзгө жеткиликтүү түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Жакшылап ойлонсоңуз, дайыма атаандашуу, бири-бирин жек көргөн абал кимге керек? Эки аял алып жашаган эркектерди сурамжылоонун жыйынтыгында “ Эгер убакытты кайра артка жылдырса, бир үй-бүлө менен эле бактылуу болуп, тынч жашамакмын” деген пикирлер орун алган. Такыр эле болбой жатса укук коргоо органдарына кайрылыңыз, мыйзам сизди коргойт.