"Семизсиң" деп жигитим таштап кетти
Учурда 11-классмын. Салмагым 71 кг. Ачыгын айтсам өтө эле толукмун, көп бассам бышылдап калам. Семиздигимдин айынан жигитим таштап кетти. 15 күндөн кийин бүтүрүү кечем болот. Кантип тез убакытта арыктасам болот?
Гүлнара Абдрахманова
Диетолог
Урматтуу айым, көпчүлүк тез арада эле арык болуп калууну каалайт. Анан салмактан тез арылуу үчүн энергетиктерди, биокошулмаларды колдонушат. Бул чоң жаңылыштык. Мындай тамактануудан боор, жүрөк, бөйрөк жана нерв системалары жабыркайт. Арыктайсың деп эч ким кепилдик бере албайт. Баарына убакыт керек. Сиз салмактан арылуу үчүн 3 нерсени эске алыңыз.
- Биринчиси туура тамактануу. Жер-жемиштер, белок жана углеводдор аралашып, баланстанган тамактарды ичип, жеңиз. Түштө сөзсүз түрдө тамактаныңыз. Ачкачылык үч сааттан ашса, организим стресске кабылат. Тамактанганда ашыкча өлчөмдү өзүнө май кылып топтоп алып, кайра ачка болуп баштаганда аны колдонот. Андыктан негизги болгон эртең мененки, түшкү жана кечки тамактануулардын арасында аз-аздан бир нерсе жеп туруңуз.
- Экинчиден физикалык көнүгүүлөр. Үй-жумуштары, окуу же ишке барып келүү физикалык көнүгүү эмес. Физикалык көнүгүүлөргө жөө басуу, чуркоо, спорт залга барып машыгуу, сууда сүзүү кирет. Жөө басканда сейилдегендей жай эмес, 30 мүнөт тез ылдамдыкта басуу. Бул минимум десек болот. Эң мыкты тандоо сууда сүзүү. Өсүп жаткан жаштарга булчуң чыгаруунун кереги жок. Машыгуулар линейкалуу болсун. Алсак аларга баскетбол, валейбол же футбол туура келет. Ал эми күрөш болсо булчуңдарын чыгарууну каалагандарга туура келет.
- Үчүнчүдөн, таза, жылуу суу ичүү. Себеби суу организимдеги зат алмашууну тездетет. Сууну күндүн биринчи жарымында, күнүнө 7 стакан же эң көп дегенде 3 литр ичүү сунушталат.
Сөзсүз түрдө диетолог же эндокринологго барып текшерүүдөн өтүңүз. Мүмкүн белгилүү бир оорулардан улам ашыкча салмак пайда болгон. Сизге ийгилик каалайм!