// //

Сүйүп жана сүйүктүү болгум келет

2018.05.14, 13:37
1492

20 жаштамын. Ата-энем кичинекей кезимде ажырашып кеткен. Азыр экөөнүн эки бөлөк үй-бүлөсү бар. Бир жолу уктап жатсам байкем мага тийишкен. Ошондон кийин эркек аттуудан көңүлүм калып, ишенбей калдым. Мен да сүйүп жана сүйүктүү болгум келет. Эркекке ишенимим болбосо келечегим кандай болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.05.2018, 14:22

Тынчтык Бакытов

психолог

Кымбаттуу окурман, сиздин көйгөйүңүз абдан маанилүү жана сөзсүз түрдө психологдун жардамы керек. Алдыда болгон маалымат болжолдуу түрдө айтылган нерсе, толук кандуу жооп алуу үчүн адиске кайрылуу зарыл.

Денеңизге эч ким тийише албайт жана тийүүгө укугу жок. Байкеңиздин айтылуу жоругу-кылмыш болуп эсептелинет, ал сиздин жыныстык кол тийбестигиңизди бузду. Дагы бир жолу тийишсе аймактык милицияга арыз менен кайрылыңыз. Сизге жардам берчү адамдар жана уюмдар көп.

Сиздин сүйүп жана сүйүктүү болгуңуз келгени бул жакшы, бирок бул ишти аткарууда көптөгөн тоскоолдуктар жана коркунучтар бар. Айтылуу коркунучтардын жаралуусу бир нече себептерден келип чыгышы мүмкүн. Биринчиден, сизге байкеңиз тийишкенде катуу стресс алып, эркектердин баарын жаман көрүп калдыңыз. Экинчиден, бул кыйынчылыктар сиздин атаңыз менен болгон мамилеге тиешелүү. Балким ата-энеңиз ажырашканда атаңызды жаман көрүп, эркектерге ишенимиңиз жоголгон.

Сиздин эркектерге болгон ишенимиңиздин аз болгонун жакшы сапат катары дагы караса болот. Анткени сиз мамиле кураарда абдан этият болосуз. Бирок, эркектерге ишеним жок болсо мамиле түзүү кыйын. Эгерде турмушка чыгып, үй-бүлөлүү болгуңүз келсе психологдорго же психотерапевттерге сөзсүз түрдө кайрылыңыз. Эч качан унутпаңыз, баардык эркектер сиздин байкеңиздей эмес. Дүйнөдө ар бири уникалдуу болгон 7 млрд киши жашайт. Аялдарды сыйлаган, барктаган жана мамиле курганды билген жигиттер көп.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт