Мүнөзүм өзгөрмө
Менин мүнөзүм өзгөрмө, бирде жакшы, бирде жаман. Өзүмдүн байкоом боюнча ачык мүнөз шайыр адаммын. Бирок кээде эч себепсиз маанайым түшүп, тамаша көтөрө албай калам. Эмне кылсам болот?
Тынчтык Бакытов
психолог
Урматтуу окурман, ар бир адамдын мүнөзү ар башкача. Ачык мүнөз шайыр адам болгонуңуз сизге башка адамдар менен баарлашууда жардам берсе керек.
Ар бир адамдын маанайы өйдө же төмөн болуп турат, анткени адам бир калыпта эле жүрүп бир эмоцияны сактай албайт. Эгерде сиздин маанайыңыз себепсиз систематикалык түрдө түшүп турса анда сиз психологго же өзүңүздүн үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз.
Себепсиз маанайдын бузулушу мүмкүн эмес, ошондуктан сиз кайсыл учурда мындай нерсенин болушун байкадыңыз? Эгер сиз өспүрүм болсоңуз, анда бул адат болуп эсептелет.
Маанайдын түшүп калышына кийинки себептер алып келиши мүмкүн:
- Үй-бүлөдөгү көйгөйлөр жана чечилбеген маселелер;
- Пландарыңыздын ишке ашпай калышы;
- Досторуңуздун күтүүлөрүнө дал келбегениңиз;
- Чыр-чатактар;
- Жеген тамагыңыз дагы таасир бериши мүмкүн;
- Уйкунун жетишсиздиги;
- Күн сайын көптөгөн маалыматты интернет аркылуу алуу;
- Өзүңүзгө ишенбестигиңиз же өзүңүзгө болгон жеке сындын көптүгү;
- Сүйүүнүн/мээримдин жетишсиздиги;
Маанайды көтөрүш үчүн анын себептерин адистер менен биргеликте аныктап чыгыш керек.
Сиз маанайыңызды көтөрүүгө өзүңүз жоопкерчиликтүүсүз.