Өзүмдөн 23 жашка улуу адамга турмушка бергени жатышат
Менин жашым 18 де. Апам менен эжем өзүмөн 23 жакшы улуу адамга турмушка чыгасың деп жатышат. Ал кишинин мени менен тең кызы бар жана нике кыйдырууга макул болуптур. Мен болсо каршымын, үй-бүлөм болсо “кийин өкүнүп каласың” деп көндүрө албай жатышат. Эмне кылсам болот? Канткенде аларга туура түшүндүрөм?
Гүлбарчын Жумабаева
өспүрүм курактагы никелер жана зомбулук боюнча эксперт
Урматту окурман, биздин өлкөдө ар бир жаран конституциялык укуктарына ылайык, болочок жубайын тандоо эркиндигине ээ. Сиз болгону 18 жаштасыз. Болочок күйө сизден 23 жашка улуу, апаңыз менен эжеңизди кыйбай турмушка чыгууга макул болсоңуз сиз психологиялык жактан абдан жабыркайсыз. Сиздин келечегиңиз али алдыда. Жаш курактык айырмачылыкты эске алганда, ал адамдын кызыкчылыктары менен сиздин кызыкчылыктар да келбейт. Үй-бүлөлүк чыр-чатактар көп болушу мүмкүн. Сиз өзүңүздү дайыма бактысыз сезип жашашыңыз ыктымал. Турмушка чыгуу төрөт менен коштолот, медицина кызматкерлери бүгүнкү күндө 19 жаштагы кыздын организими дагы дени сак бала төрөгөнгө даяр эмес экендигин белгилешүүдө. Энелердин өлүмүнүн көбү 20 жашка чейинки кыз-келиндердин арасында катталууда.
Ар бир эне баласына жакшылыктарды каалайт. Апаңызга ушуну түшүндүргөнгө аракет кылыңыз. Мыйзам чегинде болсо, бул “никеге турууга мажбырлоо” кылмыш болуп эсептелинет. Апаңыз менен эжеңиз сиздин айтканга макул болбосо өзүңүз жашаган аймактык милиция бөлүмүнө барып арыз менен кайрылсаңыз болот. Милиция бөлүмүндө нөөмөттө турган кызматкер арызыңызды алып, мыйзамдын чегинде тиешелүү чара көрүп, тергөөчүгө жөнөтөт. Өзүңүздүн жаркын келечегиңиз үчүн колдо бар чаралардын баарын колдонгонго аракет кылыңыз.