Телефон келечегиме балта чапты!
Мен 14 жаштамын. Буга чейин мыкты окучу элем. Азыр эң төмөн баада окуйм. Телефонго кызыгуум артып, кантип окууну таштаганымды өзүм түшүнбөй калдым. Азыр окууга кызыгайын десем кеч болуп калгандай сезем. Окусам эч нерсе түшүнбөйм. Китептен бир дагы нерсе мээме кирбейт. Мына эми 9-классты бүткөнү жатам. Мага ылайыктуу окуу табылбай тургандай болууда. Себеби бардык окууларга билимдүүлөр татыктуу. Ата-энем менин кандай окуп жатканыман кабарлары жок болгондуктан, билим жагына маани берген окууга өтүшүмдү каалашат. Анткени, алар менден алыста жашайт. Шартка байланыштуу мен өзүнчө жашайм. Кээде ата-энемдин көңүл бурбаганынан улам ушундай болуп калдымбы деп ойлойм. Эми кантсем болот? Телефон мени байлап, келечегиме балта чапкандай болуп жатат. Кандай чара көрсөм болот?
Тынчтык Бакытов
психолог
Урматтуу окурман, сурооңуз үчүн чоң рахмат!
Биринчиден телефондон көз каранды болгонуңузду байкаганыңыз абдан маанилүү. Бул көйгөйдү чечиш үчүн сизге суроо:
- Күнүнө канча саат колдоносуз?
- Телефон аркылуу кандай иштерди бүтүрөсүз?
- Социалдык тармактарды колдоносузбу же жөн гана сүйлөшөсүзбү?
Окууну кайрадан жандантууга эч качан кеч эмес, анткени окуйм деген адам жашка, жагдайга карабайт. Ар бир адамдын жашоосунда катачылыктар кетет, бирок аларды оңдоп кетүү өзүбүздүн колубузда. Сабакка көбүрөөк көңүл буруш үчүн телефон колдонуу убактыңызды чектеп коюшуңуз зарыл. Күнүнө 2-3 саат колдонуп калган убактыңызды сабакка жумшасаңыз болот, ошол эле учурда сабактарды телефон аркылуу дагы кызыктуураак аткарсаңыз эмнеге болбосун?
Телефонду көп колдонуунун бир нече терс таасирлери бар:
- Көздүн кургашына алып келет;
- Уйку бузулуп, түн ичинде уктай албай калышы мүмкүн;
- Баш жана арканын оорусуна алып келет;
- Көңүлдүн бузулушуна жана концентрациянын жоктугуна ж. б.
9-класстан кийин тапшыруу абдан жеңил, анткени 11-класстагыдай тесттер жок. Кайсы колледжге же лицейге бараарыңызды азыртадан тандап, тапшыруу жөнүндө интернет аркылуу маалымат топтоңуз.
Сиз телефонго кызыгып, окууңузду таштап коюшуңузга бирөөнү күнөөлөнүн кереги жок, анткени келечегиңиз өзүңүздүн колуңузда. Балким, ата-энеңиз менен болгон мамилеңиз сиздин окуу жетишкендиктериңизге таасир этти.