// //

Атама кайтып барсамбы?

2018.05.08, 10:24
1889

Азыркы маалда 30 жаштамын. Ата-энем мен кичинекей кезде ажырашып кетишкен, ошондон бери атасы жок чоңоюп өстүм. Атам болсо мени карабайт, башка үй-бүлөсүнөн бир баласы бар. Менин бар экенимди билсе дагы кабар алып келип койбойт. Ал эми айылдагы байкелер “Атаң болгондон кийин өзүң барып, жолугуп сүйлөш” деп айтышат. Бирок ал мага чоочун адамдай, эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.05.2018, 10:26

Айгүл Ысыкеева

психолог

Сиз атаңызды эстеп аны унутпай, сөз кылып жүргөн болсоңуз демек атаңызга болгон таарынычыңыз күч. Эгер таарынычыңыз жок болсо ал жөнүндө эстеп дагы койбойт элеңиз. Сиз өзүңүз чоң болгондуктан атаңызга жолугуп ачык эле болгон таарынычыңызды айтып алышыңыз керек.

Сизди түшүнүп турам. Ата-энеңиз кичинекей кезиңизде ажырашып кеткен болсо толук кандуу сүйүүсүз, ата мээримине толбой, анын тарбиясы, көңүл буруусу жетишпей өсүп калдыңыз. Азыр болсо ошол сүйүүнү издеп жаткан чыгаарсыз. Менин сизге кеңешим атаңызга жолугуп анын сизге болгон сезимин билип алыңыз.

Сиздин келгениңизге кубанып, сүйүүсүн, аталык мээримин кайрадан берсе бул жакшы. Эгер тескерисинче каарын көрсөтсө биротоло үмүттү үзүп өз жолуңуз менен өткөнгө кайрылбай кеткениңиз оң. Кандай болгон күндө да бул кадамды жасап көрүш керек, ошондо баары билинет, өзүңүз үчүн бир чечим чыгарасыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт