Мени таштап кетип калды
Мен өзүмдүн классташ кызымды 1-класстан бери жакшы көрүп жүрүп 11-класста кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Бири-бирибизге сүйөөрүбүздү айтканбыз. Арадан 9 ай өткөндө ал мага сүйбөөрүн билдирип мени таштап кетип калды. Андан бери беш ай өттү, дагы деле унута элекмин. Кантип унутсам болот?
Тынчтык Бакытов
психолог
Урматтуу каарман мен сизди түшүнүп жатам, жакшы көргөн адам менен мамилени токтотуу абдан кыйын. Менин айтаарым өзүңүздү күнөөлөнүн кажети жок. Азыр сиз болгон күчүңүздү өзүңүзгө буруп кызыктуу иштер менен алек болуңуз. Бул мамиле сиз үчүн тажрыйба катары калышы керек, ошондуктан кайгырбаңыз. Сиз унутуш үчүн алкоголь, наркотик колдонуудан алыс жүрүңүз, жагдай бул нерселер аркылуу чечилбейт. Баардык күнөөнү таштап кеткен адамга жүктөбөңүз жана башкаларга аны жамандабаңыз. Жамынып жалгыз болуу да эч кандай жардам бербейт, андыктан сиз алдыга пландарды коюп, кадамды алдыга таштаңыз. Азыркы убакта сиз окуңузга, ишиңизге же өнүгүүңүзгө басым жасап жаңы жашоону баштасаңыз жакшы болот. Эң негизгиси жаңы мамиле курганга ачык болуп, башкаларды дагы караңыз. Ийгилик!