Оюма коркунучтуу нерселер келе берет
Көпчүлүк учурда оюма ар кандай коркунучтуу нерселер келе берет (ужас, кан, өлүм ж.б). Дароо оюумду башка жакшы тарапка бурганга аракет кылам. Кечинде эшикке чыккандан, чагылгандан абдан корком. Кантип кутулсам болот жардам бериңиздерчи?
Бермет Наралиева
Психолог
“Фобия” грек тилинен которгондо “коркуу” дегенди түшүндүрөт. Фобия - элестетилген же реалдуу коркунучтан жана кандайдыр бир нерседен же абалдан катуу коркуу. Коркуу психологияда терс эмоция болуп саналат. Ар адамдын фобиясы ар түрдүү болот жана бирөөгө фобия болуп саналган нерсе башка бир адам үчүн фобия болбой калышы толук мүмкүн.Коркуп, тынчсызданган сезим ал баардык адамдарда эле кездешет. Себеби адамдын бат-бат стресске кабылуусу, такай чарчаган абалда болуусу, түпөйүл жан дүйнөсүндө эч ким менен бөлүшпөгөн тынчсыздануусу, бир тынчтык бербеген ооруусу же ал ооруунун күчөшү болуп эсептелинет. Мындай учурда адам өзү да эмне болуп жатканын түшүнбөй калышы ыктымал. Бул өзгөчөлүк патология эмес, мындай терс таасирлерге кабылуу ар бир адамдын турмушунда көп кездешет. Негизи стрессте жүргөн абалды ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө, акылына, деңгээлине жараша чечет. Ошентсе да сиз өзүңүзгө ушул суроону берип көрүңүз: 1. Мен эмнеге коркуп жатам? 2. Мени коркута турган себеп барбы? 3. Мен дайыма ушинтип коркуп жүрүүдөн жакшы эмнени табам, жаман эмне зыяндарды өзүмө алып келем? Мына ушул суроолордун үстүндө ойлонуп көрүңүз дагы жооп издеңиз.Мындан сырткары сиз туура кадам таштап келе жатасыз. Кандай гана коркунучтуу ой келбесин андан арылууга, алакып кетүүгө аракет кылыңыз. Сиз күчтүү адамсыз!