Кызганычтан арылуу жолдору
Жигитим менен мамиле куруп келе жатканыма эки жарым жылдай болду. Ортодон урушуп, таарынышып кайра жарашып жүрдүк. Ал 9-“в” класста, мен 9- “б” класста окуйм. Анын Айганыш деген классташ кызы бар, ал дагы менин жигитимди жакшы көрөт. Майрам күндөрү ар бир класс өз-өзүнчө кече уюштурат, ошол күндөрү Айганыш экөө чогу жүрүп, вальс бийлешет экен. Аны угуп алып мен аябай кызгандым. Эмне кылсам болот?
Тынчтык Бакытов
психолог
Сиз азыр жашоонун эң маанилүү этабынан өтүп жатасыз. Бул куракта көп өспүрүмдөр мамиле түзгөндү, сезимдерин башкаларга тартуулаганды үйрөнүшөт. Менин түшүнгөнүм боюнча сиздин жигитиңиз башка кыз менен бийлегенин өзүңүз көргөн жоксуз, ошондуктан кызгануунун эч кереги жок.
Кызгануудан арылуу жолдору:
- Өзүңүздүн көңүлүңүздү башка иштерге бурсаңыз болот (окуу, жумуш, хобби);
- Эмне болуп жатканын талдап, жеке каталарыңызды байкасаңыз болот;
- Жашоо мүнөзүңүздү өзгөртүп, өз жашооңузга жаңы кызыкчылык киргизиңиз, жаңы маалымат, жаңы досторду жана көптөн бери каалап келген кыялыңызды ишке ашырыңыз;