// //

Кайрадан бактылуу жашагым келет

2018.05.04, 11:45
2331

Мен үй-бүлөлү баланы жакшы көрөм, ал дагы мени жакшы көрөт. Менден алты жашка улуу. Экөөбүз Москвадан нике кыйдырып үч ай жашагандан кийин мен Кыргызстанга келип ата-энеме турмушка чыгаарымды айтсам каршы болуп, башка балага күчкө салып эле берип коюшкан. Эки ай өткөндө ал менен жашай албашымды билип ажырашып, Москвага кетип калгам. Жигитиме жолугуп кайрадан жашай баштадык. Бирок ал мурункудай болбой өзгөрүп кетти. Камкордук кылбайт, сөздөрүмө маани бербейт. Мен болсо ансыз жашай албайм. Болгону мен мурункудай бактылуу жашашым үчүн эмне кылуум керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.05.2018, 11:51

Тынчтык Бакытов

психолог

Урматтуу окурман сурооңуз үчүн чоң рахмат! Көп учурда адамдардын ортосундагы келишпестик баарлашуунун жетишсиздигинен келип чыгат. Бактылуу болуш үчүн жөнөкөй рецепт жок, анткени ар бирибиздин жашоо тажрыйбабыз ар кандай жана бакытты ар кимибиз ар тараптуу элестетебиз. Эгер сизди адамдын өзгөрүүсү ойлонтсо, анда сиз ошол адам менен баарлашып өзүңүздү кызыктырган суроолорду талкуулаңыз. Балким сиз өз сезимдериңиз жөнүндө айтсаңыз ал адам дагы өзгөрүшү мүмкүн.  Консультация керек болсо албетте психологго кайрылыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт