// //

Көкүрөгүм кичинекей

2018.05.03, 16:43
1246

Менин көкүрөгүм кичинекей, эгер чоңойбой калса эмне болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.05.2018, 16:46

Гүлзина Мадраимова

гинеколог

Биринчиден көкүрөктүн (эмчек бездин) кичинелиги бул кандайдыр бир ооруу эмес. Көбүнчө бул ар бир кыздын өзгөчөлүгү. Мисалы көзүбүздүн чоң кичинелиги, боюбуздун узун, кыскалыгы сыяктуу. Эгерде апаңдын көкүрөгү кичинекей болсо, анда сенин да көкүрөгүң кичине болушу мүмкүн. Көпчүлүк учурада: гормондук фонго жана тукум куучулукка жараша болот. Эмчек без гормонго көз каранды мүчө, ал айрыкча кандагы эстроген гормонуна жараша болот. Ошондуктан гинеколог-эндокринологго көрүнүп ,төмөнкү дене мүчөлөрдү: богок безин, бөйрөк үстүндөгү безди, гипофизди, яичникти текшерүүдөн өткөрүп коюу зарыл. Төмөнкүлөргө да көңүл буруу керек. 1) Туура тамактануу, витаминдердин жетишсиздиги. 2) Экологиянын начарлашы. 3) Жетилүү мезгилиндеги инфекция. 4) Жаракат. 5) Тукум куучулук.

Эмне кылуу керек: Адиске көрүнуп себебине жараша чара колдонуу кажет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт