Жигитим зыкым
Менин жигитим өтө кызганчаак жана көп нерселерин аянып турат, башкача айтканда зыкым. Мындай балдар менен мамиле кылса болобу?
Айгүл Ысыкеева
психолог
Бул жерден сиз өзүңүз тандоо кылышыңыз керек.
Ага болгон сүйүүңүз күчтүүбү же зыкымдыгына болгон жинденүүңүз күчтүүбү? Кайсы бири күчтүүлүк кылса ошону талдап чечим чыгарыңыз.
Сиз зыкым бала менен жашоого даярсызбы? Эгер даяр болсоңуз мамилени уланта бериңиз.
Кандай учурларда зыкымдык кылып жатат? Анын пайдасы жана зыяны канча? Мүмкүн ал зыкымдык кылбай акчаны туура экономдуу пайдаланып жаткандыр. Ачык сурап көрүңүз “сен эмнеге мындай кылып жатасың” деп. Кыз-жигит мамилесинде зыкымдык кылып, бирок турмуш курганда үй-бүлөсүн жакшы багаар. Болгону анализдеп көрүңүз анын зыкымдыгынын пайдасы канча зыяны канча экенин. Эгер пайдасы көп болсо мамилени токтотуп эмне кереги бар.