Таттуулардын таасири
Мен таттууларды аябай жакшы көрөм. Таттуулардын бетке тийгизген зыяны кандай?
Надира Бейшеева
косметолог
Таттуу токочтордон баш тартуу көпчүлүк айымдар үчүн көйгөй жаратат. Кекс, рулет жана башка таттуулар теринин бузулушуна, семирүүгө, тишке деги эле ички организимге зыянын тийгизет. Анын ичинен айымды көрккө бөлөгөн бирден бир белги теринин начарлашына алып келээрин унутпоо абзел. Себеби таттуулар курамына кант, май жана жөнөкөй углеводду камтыйт.
- Таттуулар кандагы глюкозаны көтөрөт, анын кесепетинен улам уйку бези көп инсулин бөлүп чыгарып ал кант диабетине алып келет.
- Ашыкча глюкоза жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылат.
- Таттууларда көп боёк, даам берүүчү кошулмалар болгондуктан аллергияга дуушар кылат.
- Ашказандын ичинде патогендүү бактериялар көбөйүп дисбактериозго жеткирет.
Жыйынтыгында бетке, төшкө, далыга ар кандай сезгенүүлөр пайда болот.Далилдөөлөрдө кант бетке эрте бырыш түшүрүп картайуу процессин ылдамдатат. Бул абалга бир гана кант эмес мальтоза, патока жана концентраттар себеп болуп берет. Жана дагы таттуулар тиштин саргаруусуна, курттун эрте түшүшүнө көмөкчү болот. Андыктан сиз таттууларды өз чеги менен жегенге аракет кылууңуз абзел.