Үй шартында сепкилден арылуу
Беттеги сепкилдерди үй шартында кантип кетирсе болот?
Мээрим Давлетова
косметолог-дерматолог
Сепкилди алдын алуу үчүн дайыма күндөн коргоп туруучу кремдерди колдонуу абзел. Качан гана сиз SPF күндөн коргоочу бет майларын колдонсоңуз сепкилдин чыгышы басаңдай баштайт. Сепкил укумдан-тукумга берилген генетикалык түзүлүш болгондуктан, андан толугу менен арылууга бир дагы косметолог кепилдик бере албайт. Атайын аппараттардын, препорпттардын жардамы менен гана 20 % дан 80 %га чейин, мурунку абалынан кичине билинбей турган абалына келтирсе болот. Бетиңиздин абалына жараша косметологдун консультациясы менен үй шартында агартуучу бет майларды, тониктерди, курамында жемиш кислоталары бар жуунуучу гелдерди жана витамин С ны колдонсоңуз болот.