Кыргыздын төкмө ырчысы - Эшмамбет

2018.05.02, 15:31
876

Көрүнүктүү акын Эшмамбет Байсейитов 1870-жылы азыркы Талас районуна караштуу Кырк-Казык айылында кедей-кембагалдардын үй-бүлөсүндө туулган. Эшмамбеттин өз атасы Ардан, чоң атасы Байсейит Копа аттуу ажыга малай болушкан. Келечектеги акын дагы сегиз жашынан баштап аталарындай эле Копа ажыга малай болуп иштейт. Бирок ажынын көрсөткөн зордук-зомбулугуна чыдай албай, Кара-Күңгөй-Бешташка качып барып, Келдибек деген байга малайлыкта жүрөт. Бул жерден дагы Эшмамбет кыйынчылык күндөрдү башынан өткөзүп, азап тартат. Бий-болуштардын кугунтуктоосунан ал кыргыздын далай жерлерин кыдырат. Кайда барбасын, жакырчылык турмуш бардык эле жерде бирдей экенине түшүнөт.

Акындын чыгармачылыгындагы социалдык темага арналган ырлардын пайда болушуна улуу акын Токтогулдун тийгизген таасири өтө зор.

Буга “Токтогул менен бирге жүрүп, бизди жамандап ырдайсың”,- деп Бактыяр, Мамбетжан өңдүү манаптардын Эшмамбетти аябай сабашканы күбө. Акыры манаптар аны өлтүрө турган болгондо Эшмамбет жан айласынан Кең-Кол Карагыр болушуна качып барат. Акындын куйкумдуу ырларын уккан манаптар аны сегиз ай Наманган түрмөсүнө каматат.

Кийинчерээк Эшмамбет Найманбай, Нурмолдо деген акындар менен айтышып, аларды жеңет. Ошондой эле айтыштагы атаандаштарынын катарында— Женижок, Жаныбай, Курман, Найманбай, Калык, Барпы өңдүү белгилүү акындар дагы болгон. Тилекке каршы булар менен болгон айтышы жазылып калган эмес. Дал ушул таланттар менен болгон айтышуу анын ысымын эл арасына белгилүү болушуна чоң көмөк берет.

Эшмамбет 1926-жылы Кетмен-Төбөнүн Чечекти деген жайлоосунда каза болот.

 

Санат

Өмүр жашоо бардыгы,

Келбейт экен бүркүмгө.

Чын акылың жетишсе,

Чыныңды бурба күкүмгө.

Бул жашоонун чоң жолу,

Сала берет түркүмгө.

Жер бетинде тирилик,

Жайнай берет тирилип.

 

Алда кайда созулат,

Аккан дайра ийрилип.

Адамзаттын өмүрү,

Ага берет киринип.

 

Дат жукпас сары алтынга,

Таасириң болот баркыңда.

Кезегиң барда эр жигит,

Күмүш өңдүү жаркылда.

 

Аргымак аттай арышта,

Атагың калсын артыңда.

Күркүрөп аккан дайранын,

Шарындайсың жашчылык.

 

Чайга кошкон аарынын,

Балындайсың жашчылык.

Кетээриңде от болуп,

Жалындайсың жашчылык.

Бир кеткен соң экинчи,

Табылбайсың жашчылык.

 

Карылык

Балдагы жок, таяк жок

Басып келет карылык.

Акысы жок алуучу,

Шашып келет карылык.

 

Аска да карыйт, таш карыйт,

Агала болуп баш карыйт.

Асемдеп кийим кийинген,

Айдай болуп жаш карыйт.

 

Бир ууч эмес өмүрүң.

Бул дүйнөдө ким жарыйт.

Кайың карыйт, тал карыйт,

Кезегинде токтобой,

Кесели жок бал карыйт.

Дүйүм тамак жесе да,

Дүйнөдө бардык жан карыйт.

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт