Башы оорубаган адам барбы?
Менин жашым 17 де, катуу баш оорум бар. Эмне кылсам болот?
Акмөөр Садирбекова
невропатолог
Жер жүзүндө бир жолу башы оорубай койгон бактылуу адам болбосо керек. Баш оорудан бир даана дары ичип айыгууну адатка айлантканыбыз менен ал толугу менен айыктыра албайт. Баш оорунун эң көп кездешкен түрү бул: эки жактан кысылып жаткандай, баштын өйдөнкү бөлүгү жана кежигенин оорусу. Көбүнчө эртең менен же катуу стресс алганда оору кармайт. Баш ооруганда дары ичип алуу да туура эмес. Анын оордуна таза абада сейилдеп, жеңил физикалык көнүгүү жасаганыңыз оң. Баш оорунун түрлөрү: жогорку кан басым, шакый, бир көз же анын тегереги, мээнин шишиги, баш сөөктүн кан басымы жана баш сөөктүн ичиндеги кан басым. Сиздин баш оору кайсы түрүнө кирээрин билип дарыланып, дайыма дарыгердин көзөмөлүндө жүргөнүңүз жакшы. Ар бир оорунун дабасы болгондой, бул оорулардын да дабасы бар. Болгону адиске эрте кайрылуу керек.