Күйөм намаз окуйт, бирок баңги колдонот
2018.04.26, 16:45
1421
Күйөм намаз окуйт. Бирок кара куурай чегет. Эмне кылсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.04.2018, 16:46
Кадыр Маликов
Теолог
Мусулман адамдын окуган намазы аны оңдоп, күнөө кылуудан алыстатып турушу керек. Бул нерсени аяттар, хадистер көргөзүп турат. Намаз үйдүн короосунан агып турчу дарыя сыяктуу. Беш маал ага жуунган адам кир болбойт да, туурабы? Андыктан адам адал менен арамды аралаштырбай, күнөө кылуудан алыс болсун. Жолдошуңуздун окуган намазынын максаты, маңызы акталган жок. Намаздын максаты жаратканга ийилүү жана күнөөлөрдөн алыс болуу. Пайгамбарыбыз намаз окуп туруп, кайра күнөө жасагандарга “анын намазы намаз эмес, бул адамдан парз алынганы менен окуган намазы өз максатына жетпейт” деп айткан.
0
Пайдалуу жооп