Баласы бар айымды жактырым
24 жаштамын. Үйлөнгөн эмесмин. Ата-энем үйлөн деп жатышат. Бирок мен өзүмдөн үч жаш улуу айымды жактырам. Ал ажырашкан, 2 жаштагы кызы бар. Бул тууралуу ата-энеме айтсам, каршы болуп коюшту. Ата-энемдин уруксааты жок, баш кошуп алсак болобу?
Кадыр Маликов
Теолог
Шарият боюнча үй-бүлө курууда ата-эненин ыраазычылыгы маанилүү болгону менен, бул нерсе шарт эмес. Алсак, келечекте ата-энеңиз менен кантип мамиле курасыз, алар таарынып сиз менен дагы, келинчегиңиз менен дагы сүйлөшпөй койсо эмне кыласыз? Бул жерден сабырдуу болуп, дагы бир ирет ата-энеңиз менен жакшылап сүйлөшүп, түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. 24 жашта экенсиз, шарият боюнча ата-энеңиздин уруксааты жок, тандаган айымыңызга үйлөнө аласыз. Менимче бул жерден шашылып чечим жасап албоо керек. Ата-эне дагы балдарынын бактысын өз көз караштары менен көрөт. Ар бир адам айымдын ыйманын жакшылап карап көрүүсү маанилүү. Сүйүү келип кетчү нерсе, айымдардагы негизги сулуулук бул анын ички дүйнөсүнүн ыймандуулугу. Сиз бул нерсеге көңүл буруңуз. Эртең өкүнүп калбоо үчүн, сырткы келбетине карабаңыз. Баарын жакшылып ойлонуп, таразалап чыгыңыз. Кандай гана чечим чыгарсаңыз дагы, тандоо өз колуңузда. Болгону сиз үйлөнгөндө ата-энеңиз келини менен, сиз алган жарыңызга ыраазы болгондой чечим кабыл алыңыз. Ошондой эле жактырган айымыңыздын оюн угуп көрүңүз. Сиз үйлөнө элек болгондуктан, ата-энеңиз каршы экенин ал айым түшүнүүдөбү, билиңиз. Анын сизге турмушка чыгуусу ата-энеңиз менен мамилеңиздин үзүлүүсүнө алып келбейби? Себеби бул нерсеге динде тыюу салынат. Андыктан, сөзсүз түрдө кеңешип көрүңүз.