Тексттерди маани берип окусам деле түшүнбөйм
2018.04.24, 10:54
766
17 жаштамын. Мен тексттерди окуп, кайра аны айтып бере албайм. Ошончо маани берип окусам деле түшүнбөйм?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.04.2018, 10:55
Чынара Балтабева
Терапевт
Эс тутумдун начарлоосунун себебин билүү үчүн, неврологго же терапевтке барып көрүнүңүз. Стресс, мээ жана ички органдардын иштөө түзүмүнүн бузулуусу, зыяндуу заттарды көп колдонуу, баш сөөк жаракаты же болбосо богок, башта кан айлануунун бузулуусу жана башка көп себептер таасир берип жатышы мүмкүн. Атайын препараттардын жана көнүгүүлөрдүн жардамы менен эс тутумду жакшыртса болот. Көбүрөөк витаминдүү азыктарды жеңиз, көп кабатырланбаңыз, сөзсүз түрдө таза абада сейилдеңиз. Дарыгерге барып кеңеш алганды унутпаңыз.
0
Пайдалуу жооп