Вотсап аркылуу талак берсе нике бузулабы?
Жолдошум экөөбүз уруша кетип, ватсап аркылуу мас абалында 3 талак жазып жиберген. Бирок кайрадан жашап жатабыз. Ошондо мага жолдошумдун талагы өттүбү?
Улан Усупов
Теолог
Талак менен байланыштуу маселеде Учкун мечитинин имамы, аалым Молдо Сабыр устазга, же болбосо азирети муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев устазга, же Чубак ажы Жалиловго жолугуп, фатва, башкача айтканда бул маселе боюнча диний өкүм кандай болоорун сурап билип алсаңыздар жана аны аткарсаңыздар жакшы болот. Жолдошуңуз экөөңүздөр чогуу барышыңыздар керек. Талак маселесинде аалым менен бетме-бет жолугушуп, окуяны төкпөй-чачпай ага айтып берип, берген суроолоруна жооп беришиңиздер зарыл. Жолдошуңузду аалымдын алдына тезирээк жетелеп барыңыз. Анткени, талак түшкөн болсо, никеңер ажырап, чогуу жашооңор арам болуп калат. Ошондуктан, эртерээк мен жогоруда айткан аалымдардын бирине жолугуп, талак түшүп түшпөгөнүн тактап алгыла. Түшкөн болсо эмне кылышыңар керегин алар айтып берет. Ынтымак жана жакшылык каалайм сиздерге.