Акчама карап дос болушат
Мен 16 жаштамын. Окуучу кезде досторум көп болчу, студент болгондон кийин дагы көп досторду таптым. Кээ бирлери акчама, айрымдары билимиме карап достошушту. Бир айдай ооруканага жаттым, бири дагы келип ал абалымды сурап койгон жок. Эми аларга кандай мамиле кылсам туура болот? Дагы мени көп сөз кылышат, кылган иштеримди көрө алышпайт. Аларга жиним келип үйдөгүлөр менен урушам, ыйлайм, өзүмө кол салгым келет. Бирок жашоого бир келгенимди эстеп өзүмдү токтотуп калам. Эжекем дагы адамдар мөмөлүү даракка таш ыргытат деп күч берет мага. Ушулардын айынан көп нерв болчу дагы болдум.
Айгүл Ысыкеева
Психолог
Сиз өспүрүм курактасыз, азыркы учурда сиз жашооңузда болуп жаткан учурлардын баарын өзүңүздүн көз караш боюнча өткөрүп жатасыз. Мындай куракта достукка, жоопкерчиликке үйрөнөт жана мүнөз бир калыпта болбойт. Ушул себептерден улам сиз ар бир ишти жакын алып, аларга капа болуп жатасыз.
Азыр сиз түшүнүү менен кабыл алып жатасыз бирөө акчаңызга, айрымдары билимиңизге карап достошконун, бул абдан жакшы. Кийинки жолу дос күткөндө мына ушунун баарын эске алып анан достошосуз. Буга чейинки болгон тактыксыз достукту тажрыйба катары кабыл алып, келечектеги татыктуу досторду табыңыз. Сиз ойлобоңуз баары эле сиздин акчаңызга же билимиңизге карап достошот деп. Арасында жан дүйнөңүзгө, кулк мүнөзүңүзгө карап достошкондор дагы болот. Ал эми ооруканага сизди көрүп барбай койгондорго ачык эле айтыңыз “Мен ооруп жаттым, силер эмнеге мени көргөнү келген жоксуңар?” деп. Анан алар өз себептерин айтат, мүмкүн сиздин ооруканада жатканыңызды билишкен жок, же шарттары болгон жок.
Ал эми достор үчүн ата-эне, туугандар менен урушуу бул эң жаман көрүнүш, эгер сизге бир нерсе болсо ата-эне менен туугандар жана чыныгы достор гана жаныңызда калат, калганы сен көр мен көр жок болот. Айтаарым татыксыз достук үчүн апа менен атаны капа кылбаңыз. Өзүңүздү нерв кылып кыйноого салганыңыз дагы ден соолук үчүн коркунучтуу. Сиз менен берген сунуштарды аткарасыз деген үмүттөмүн.