Бат сүйлөйм
Жашым 19да. Аябай бат сүйлөйм. "Акырын сүйлөчү. Укканга жетишпей калдык "- деп айтышат. Бирок канчалык аракет кылсам дагы жай сүйлөй албай койдум. Эмне кылсам болот?
Чынара Токсонбаева
Логопед
Бат сүйлөө жакындарыңыз менен болгон мамиледен болушу мүмкүн. Муну тилдин деффектти деп айтууга болбойт. Мүмкүн жаш кезиңизде сизге чоңдор тарабынан аз убакыт бөлүнүп, көп угушчу эмес. Бул убакыт ичинде оюңузду түшүндүрүү үчүн бат сүйлөөгө мажбур болгонсуз. Так себебин сиз менен жолукканда гана билсе болот. Ошондой эле бир канча методика бар. Ал үчүн сиз сөзсүз логопедге кайрылып, кеңеш алыңыз. Үйүңүздөн күзгү алдына туруп алып же жакындарыңыз менен жай сүйлөшүңүз. Шашып бара жатканыңызды сезе баштаганда, токтоп, терең дем алып, кайра улантыңыз. Тексттерди окуп, диктофонго жаздырыңыз. Угуп көрүп, дагы да бат сүйлөп жатсаңыз, кайра жай сүйлөп жаздырыңыз.