Кулагыма кандайдыр бир дабыштар угулат
Кулагыма кандайдыр бир дабыш угулат, кээде кандай дабыш экенин түшүндүрүп бере албайм. Сурдологго көрүнгөндө кулакка бир аппарат салып текшергенде дал мен айтып жаткан дабыштар угулган. Башымдагы кандын жүгүргөнү даана угулуп турат, башым дагы ооруйт. Өлгүм келет, түнт болуп баратам, жашоонун маңызы жоктой. Оору мени кыйнап жиберди. Эмне кылсам болот?
Айгүл Ысыкеева
психолог
Менин түшүнгөнүм боюнча сиздин оору толук айыгып бүтө элек. Андыктан жеңилип калбай ишин мыкты билген адистерге кайрылыңыз, аракет кылсаңыз баары жакшы болот. Урматтуум сиз эч качан өзүңүздү басынтып, чүнчүп, түбү жок депрессияга түшүп кетпеңиз. Анткени сиз өзүңүзгө жана ата-энеңизге керексиз. Сиз чанда гана кездешчү аябай сезимтал адам окшойсуз, себеби сиз ичиңизде болуп жаткандын баарын сезип туюп жатасыз. Ал эми “өлүп алгым келет, жашоонун маңызы жок” деген сөздөр сиздин депрессияга түшүп кеткендигиңизде. Жашоонун маңызын тапканга аракет жасаңыз, өзүңүздү алаксытыңыз, жаңы досторду таап, ийримдерге катышыңыз. Түшүнүп турам сиздин абалда эч нерсеге кызыгуу болбойт, бирок эсиңизде болсун өзүңүзгө өзүңүз гана жардам бере аласыз.