Өзбек жигити өз сүйүүсүн билдирди
2018.04.19, 15:22
1147
Мен кыргызмын, бирок мага өзбек жигити өз сүйүүсүн билдирип жатат. Ал баланы көптөн бери билем ыймандуу, бир сөз менен айтканда кемчилиги жок. Мени ойлондурганы ал башка улуттан. “Эл эмне дейт” деген сөз мени ойлондуруп жатат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.04.2018, 15:31
Айгүл Ысыкеева
психолог
“Эл эмне дейт” деген сөз көп адамдардын жашоосун бузат. Эл көп болсо бир жума, бир ай сөз кылат дагы өз жашоолору менен жашап кете берет, сени, сенин жашооңду унутуп коюшат. Сенин тандооң сенин жашооң, ким менен өмүр сүрөсүң, кандай жашайсың ал өзүңдүн ишиң. Ошондуктан мындай тандоо кылаарда өзүңдүн каалооңо таянышың кажет. Бирөөлөрдүн оюуна, сөзүнө көңүл бурба!
0
Пайдалуу жооп