// //

Шаардан кантип паспорт алсам болот?

2018.04.19, 10:28
1749

18 жаштамын.Бишкек шаарында жашайм, бирок каттоом айылда. Шаардан кантип паспорт алсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.04.2018, 10:46

Мамлекеттик каттоо кызматы 

Төмөнкү документтерди топтоп, Бишкек шаарынан алсаңыз болот:

  • ПИН (Никени каттоо мекемесинен)
  • Туулгандыгы туралуу күбөлүк, аты-жөнү өзгөртүлгөн болсо, өзгөртүлдү деген күбөлүк
  • Ата-энесинин паспорту
  • Төлөм квитанциясы
  • Жашаган, катталган турак-жайынын документи. Эгерде ата-энесине катталган үй жок болсо, турак жай ээсинин сизди каттоого макулдугун берген нотариалдык уруксат кагазы.

Бул документтерди топтоп, калкты тейлөө мекемесине алып келесиз. Ал жерден:

Электрондук арыз толтурасыз

Электрондук сүрөткө түшөсүз

Паспортуңуз 12 күндө даяр болот. Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлорунун даректери:

  • Медеров көчөсү 44/1, Биринчи Май жана Октябрь райондорунун паспорттук бөлүмдөрү
  • Чокон Валиханов көчөсү 2, Аламүдүн жана Свердлов райондорунун паспорттук бөлүмдөрү
  • Жаш Гвардия бульвары 4, Ленин районунун паспорттук бөлүмдөрү

Иштөө тартиби: 09:00 дон 17:30, түшкү тамактануу 12:30дан 13:30га чейин.

16 жашка чыгып, биринчи паспорт алып жатса, баалары төмөнкүдөй болот:

  • 290 сом-12 күндө даяр болот
  • 1140 сом-8 күндө даяр болот
  • 1420 сом-4 күндө даяр болот
  • 1760 сом-2 күндө даяр болот
  • 4000 сом-3 саатта даяр болот
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт