Көп ойлоном, бирок эмнени ойлонуп жатканымды билбейм
Жашым 19 да. Көптөн бери максатсыз жашап калдым. Көп ойлоном бирок эмнени ойлонуп жатканымды билбейм. Сабакка барганда көңүлдүү жүрөм, үйгө келгенде эле дал ушундай абалга туш болом. Кэчке жатам эмне кылсам болот?
Айгүл Ысыкеева
психолог
Биринчиден сиз жалкоолук кылып жатышыңыз мүмкүн. Бирок мен сизди жалкоо деп айтуудан алысмын, анткени жалкоолуктун артында дайыма бир көйгөй же себеп болот. Сизде кандай көйгөйлөр бар? Сизди бул абалга туш кылган көйгөйдү кагазга жазып чыгыңыз дагы ага анализ жүргүзүңүз.
Экинчиден сиздин абал депрессияга окшоп турат. Сиз жашооңуздун маанисин таба албай жатасыз. Бир окуя айтып берейин: Суунун жээгинде күчкө толгон үч жигит таш ташып жаткан болот. Алардын жанынан өтүп бара жаткан ак сакал: - Оо балдарым эмне кылып жатасыңар? – деген суроосун узатат. Анда биринчи жигит: - Таш ташып жатам ата! – деп жооп берет. Экинчиси: - Атаке иштеп акча таап жатам. – деп жооп кайтарат. Үчүнчү жигит: - Ата мен кыштакта жок кооз бир там салсып жатам, бул таштарды ошол тамга пайдаланам. – деп жообун берет. Көрдүңүзбү бул үчөөнүн үч башка максаты бар, акыркы жигиттин жообу адамга дем бере тургандай. Андыктан сиз дагы жашооңуздун мааниси боло турган бир нерсени табышыңыз керек.
Мисалы тандап алган кесибиңиз боюнча кызыгууларды издеңиз, кошумча жумуш табыңыз. Жаңы адамдар менен таанышыңыз, дос күтүңүз. Эгер бул абалыңыз көпкө созулса депрессияга түшүп кетесиз. Сиздин колуңуздан бул иш келет деген үмүттөмүн, сизге ийгилик!