Белим ооруп кыйноого салды
2018.04.18, 15:40
1623
Менин белим көп ооруйт, төрөттөн кийин текшерилсем остеохондроз деди, андан мурун узиге түшсөм сынык деген. Кандай түшүнсө болот? Мындан тышкары оң бөйрөгум шишип турат. Кантип дарыланса болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.04.2018, 15:48
Марат Сабыралиев
травматолог
Менимче сизге диагноз туура эмес коюлса керек, кайрадан текшерүүдөн өтүңүз. Оң бөйрөгүңүз шишибей эле, остеохондроздун белгиси болушу ыктымал. Рентгенге түшүрүп, текшерип көрүп анан гана ооруңуздун деңгээлине жараша дарылоо болот. Эгер оору коркунучтуу болсо анда операция жолу менен дарылайт, ал эми жеңилирээк баскычта болсо укалоо түрү менен айыктырса болот. Андыктан убакытты создуктурбай эртерээк текшерүүдөн өтүңүз.
0
Пайдалуу жооп