// //

Остеохондроз оорусу менен жабыркап келем

2018.04.18, 14:55
2376

Остеохондроз оорусу менен жабыркап келем. Кантип айыктырса болот? Кененирээк айтып бересиздерби.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.04.2018, 14:57

Марат Сабыралиев

травматолог 

Остеохондроз сөөк жана кемирчек ткандарында зат алмашуу продуктуларынын топтолушунан келип чыккан өнөкөт оору болуп эсептелинет. Омурткалардын остеохондрозу көп жолугат. Анда омуртка дисктеринин дистрофияга учурашы жана жукарышынан омуртка сөөктөр өсөт, муун арасында артроз, көп учурда диск чуркусу өөрчүп, жүлүндү, жүлүн нервдеринин дүмүрчөктөрүн кысат. Остеохондроз көбүнчө бел, моюн, көкүрөк бөлүгүндө кездешет. Оорунун негизги белгиси — белдин белгилүү жери ооруп, ал жамбашка жана бутка берилет. Омурткалардын бузулган дисктин тушундагы кылкандай урчугу пальпация жасаганда ооруйт. Эгерде нерв кыпчылып калса, ал нервдештирген жерде оору сезилип, сезгичтик бузулат, буттун алсыздануусу жана башкалар байкалат. Сиз алгач текшерүүдөн өтүп, анан дарылана баштаңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт