Кылган ишимди эстей албайм
2018.04.18, 11:22
857
Мен азыр сүйлөгөн сөзүмдү же болбосо кылган ишимди дароо ошол замат эле унутуп калам. Бул эмне себептен болушу мүмкүн?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.04.2018, 11:23
Чынара Балтабаева
Терапевт
Эс тутумдун начарлашынын бир канча себеби бар. Стресс, мээ жана ички органдардын иштөө түзүмүнүн бузулуусу, алкогол, чылым сыяктуу зыяндуу заттарды көп колдонуу, баш сөөк жаракаты же болбосо богок, башта кан айлануунун бузулуусу жана башка. Айта берсек абдан көп. Сизди текшергенде гана анык себеби билинет. Сиз неврологго же терапевтке кайрылыңыз. Атайын препараттардын жана көнүгүүлөрдүн жардамы менен эс тутумду жакшыртса болот. Көбүрөөк витаминдүү азыктарды жеңиз, көп кабатырланбаңыз, таза абада сейилдеңиз. Сөзсүз дарыгерге барып, текшерилиңиз.
0
Пайдалуу жооп