// //

15темин. Кыздыгымдан ажырасам болобу?

2018.04.18, 10:09
1640

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.04.2018, 14:21

Тамара Воронцова

Психолог

Кымбаттуум, 15 жашта кыздык белгиден ажыраса болобу чечимин өзүңүз чыгарасыз. Биринчи кезекте төмөнкү суроолорго жооп бериңиз:

  1. Кыздыгыңыздан эмне себептен ажырагыңыз келүүдө? Бул сизге тоскоол болуп, эркин жашоого мүмкүнчүлүк бербей жатабы?
  2. Сизге жөн эле кызыкпы?
  3. Бул чечимиңизге келүүгө курбуларыңыз үлгү болдубу жана алардай болуп жашагыңыз келип жатабы?
  4. Жөн гана заманбап болуу үчүнбү?
  5. Сүйүүдөнбү, жигитиңиз каалап жана өзүңүз дагы жаңы сезимдерди сезгиңиз келүүдөбү?

Бул суроолорго кантип гана жооп бербеңиз, бир нерсини билиңиз: мындай мүнөздөгү эрте башталган мамиле түбөлүк сүйүүгө, максатыңыз үй-бүлө куруу болсо анда үй-бүлө күтүүгө алып барбайт. Бардык диндер, түрдүү улуттагы элдердин салттары жеткинчек кыздарды эрте мамиледен, үй-бүлө курууга чейинки жыныстык катнаштан коруп келишкен. Себеби бул нерселер эркек тараптан жек көрүүгө, сый көрсөтпөөгө алып бараарын жакшы билишкен. Интернеттен телегония теориясын окуп көрүңүз, эркектер муну жакшы билишет. Көңүл калуу, стресс, кайгы сезимдерин үмүтү акталбаган кыздардын баары сезет. Идеалдуу түрдө кыз бала кичинесинде атасынын, аял болгондо күйөсүнүн, андан кийин баласынын коргоосунда жашашы керек. Андыктан жаш балдарды жана эркектерди бул нерсеге үйрөтүшүбүз зарыл.

Эгерде сиз баарына даяр болсоңуз жана чоң айымдардын жашоосунда жашайм деп чечим чыгарсаңыз анда өзүңүздөн сураңыз:

  1. Ар дайым гинекологго барасызбы?
  2. Коргонуу каражаттарын билүү жана колдонуу. Өзгөчө горманалдык коргонуу каражатынын ден-соолугуңузга болгон зыяндуу таасирлерине даяр болуу.
  3. Жыныстык жактан сезгенүү ооруларын дарылоого даяр болуу. Себеби убагында дарылабасаңыз кош бойлуулукка, тукумсуздукка алып келет.
  4. Болбоду дегенде бойдон алдырууга даярсызбы? Аборттун кесепеттерин билесизби?
  5. Балалуу болууга даярсызбы?

Эгерде мунун баарына даяр эмес болсоңуз, анда шашылбаңыз. Чечим өз колуңузда. Чоңдордун жашоосу-бул олуттуу көйгөй. Жаш экенсиз, өз курагыңыздын жыргал жашоосу менен жашай бериңиз. Сизге туура чечим кабыл алууну каалайм.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт