Китеп уурдап окусамбы?
2018.04.17, 16:11
2002
Мен китеп окуганды абдан жакшы көрөм, убакытымдын көбү китепканада өтөт. Бирок кээ бир жакшы китептер ал жакта жок. Алардан баарын сатып алганга акчам жетпейт. Менин суроом: Китеп саткан дүкөндөрдөн китеп уурдап алып, окуп бүткөндөн кийин кайра алып барып берип койсо эмне болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.04.2018, 16:12
Гүлнара Бечеловой
китепканачы
Урматтуу окурман менин сизге кеңешим бул жаман оюуңуздан кайтыңыз. Уурулук кылуу деген бул абдан жаман иш. Андан көрө интернет ааламынан ошол китепти издеп таап окуңуз, же болбосо социалдык барактарга сизге керектүү же кызыктырган китеп кимде бар экенин сурап алып окуп кайра берип коюңуз. Сиз “китеп уурдап окусам болобу” деген оюңуздан баш тартасыз деген үмүттөмүн.
0
Пайдалуу жооп