Эки кыздын ортосунда калдым
Жашым 21 де, Москвада иштеп жүргөндө апам бир кыз менен тааныштырып, баш кошмокчу болгонбуз. Бирок Бишкекке келип жаңы жумушка орношуп башка кызды сүйүп калдым. Ал үй-бүлөдө жалгыз кыз мүнөзү оор, эрке. Шаарды, түнкү клубдарды жакшы көргөн кыз, анысына карабай мен аны абдан жакшы көрөм. Бирок апама жакпасы белгилүү. Мен билем ал андай мүнөзү менен апама жакпайт. Мен эки кыздын кимисин тандаарымды билбей турам. Кандай кылсам болот кеңеш бериңизчи?
Айгүл Ысыкеева
психолог
Менин түшүнүшүмө караганда сизге экинчи кыз көбүрөөк жагат ал эми биринчи кыз апаңызга жагат. Ал эми сизге жаккан кыз апаңызга жакпаарын билип турасыз. Айтаарым кызды тандаганда кыз сиз менен жашайт, апаңыз менен эмес. Балдар эр жеткенде бөлүнүп кетет, бөлүндү дегенде эле жашаган оордун алмаштырды деп түшүнбөш керек. Өзүңүздун жашооңуз, балдарыңыз, оокатыңыз пайда болот. Апаңыз менен бирге жашап калсаңыз деле аялыңыз жана апаңыз менен өзүнчө мамиле курасыз. Ошол үчүн өзүңүз чечиңиз. Кимиси көңүлүңүзгө жакса ошонусун тандаңыз. Апаңыздын да оюн угуп, кеңешип көрүңүз.