Этек киримдин келбегенине 3 айдай болуп калды
Этек кирим келбегениме 3 айдай болуп калды. Апама айткандан уялам. Жыныстык катнашта болгон эмесмин эмне кылсам болот?
Бактыгүл Абдраманова
Гинеколог
Сиз канча жашта экениңизди айтпаган экенсиз. Эгерде өспүрүм куракта болсоңуз, жаңыдан башталган цикл туруктуу эмес болот. Бир келип, 2-3 ай келбей калат же бир айлап токтобой келет. Биринчи келгенде 6-7 күнгө созулат. Эгерде сиздеги көрүнүш көптөн бери кайталанып жатса эч уялбастан апаңыз же болбосо жакындарыңыз менен гинекологго барып, текшерүүдөн өтүшүңүз керек. Эң негизгиси менструалдык цикл календарын колдонууну унутпаңыз. Ал жерде баары жазылуу. Түшүндүрө кетсем “скудный”-аз, “умеренно”-орточо, “обильно”-көп келди дегенди билдирет. Ай сайын белгилеп, гинекологго барганда ала барып көрсөтсөңүз, сизге диагноз коюуга оңой болот. Ал эми өспүрүм курактан өткөн болсоңуз, нормалдуу келип жаткан айызыңыз бузулуп жатса, анда тезинен гинекологго кайрылыңыз. Сизде гормоналдык бузулуулар болушу мүмкүн. 31-33 күндөн кечигүү бул кооптуу.