Жездем алимент төлөбөй жатат
Эжем күйөсү менен ажырашкан. Бир баласы бар. Азыр баласын багып, үй алуу үчүн чет жакта кыйналып иштеп жүрөт. Жолдошуна алимент бер десек баш тартып, сотко барбай койду. Бир дагы жолу баласына келип жардам берген эмес. Эмне кылсак болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Эгерде жолдошу алимент төлөөдөн баш тартып жатса анда Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 86-беренесинин 1-пунктунун негизинде баланын атасынан ай сайын бир балага иштеп тапканынын жана дагы башка кирешесинин төрттөн бир өлчөмүнөн алимент өндүрүүгө болот. Сиз суроонузда «сотко барбай койду» деп айтып жатасыз, ал эми Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 246-беренесинин 4-пунктунун негизинде алимент өндүрүү боюнча сот буйругу берилет. Ушул эле кодекстин 250-беренесинин 2-пунктунда “Соттун буйругу соттук териштирүүсүз жана тараптарды чакыруусуз чыгарылат” деп көрсөтүлгөн. Бир сөз менен айтканда эжеңиздин жолдошун сотко чакырбай туруп эле алимент өндүрүп беришет. Эгер сиз кантип арыз жазууну билбей турсаңыз анда редакциядан менин номеримди алып байланышсаңыз болот. Алимент боюнча сизге бекер жардам көрсөтүп берем.