// //

Жолдошум экөөбүздүн ортобузда көйгөлөр бар

2018.04.16, 17:16
1617

Жолдошум экөөбүздүн ортобузда көйгөйлөр болуп жатат. Ал кенебес, жоопкерчилиги жок, өзүн гана ойлойт, өзүнүн курсагы тойсо болду. Жалган көп айтат, акчаларын үйгө алып келбейт, өзүн гана эптеп жүрө берет. Анан акчаң кана, ага буга жетпей жатат деп наалысам урат. Айлам жоктон эле жүрөм, кичине уулум 5 айлык, кетип калайын десем баламды ким карайт, ата-энеме таштасам алардын да өзүнүн түйшүгү көп, алардын үйүнө кантип олтурам деп айлам жок болуп жүрөм.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.04.2018, 12:00

Айгүл Ысыкеева

психолог

Сиздикине окшош тагдырлар абдан көп кездешет. Негизи кыздар турмуш жолуна аттанаарда жакшылап балдарды карап, тандап, алдыга көз салып анан турмушка чыгышы керек. Турмуш куруу бул – ар түрдү жоопкерчиликти моюнга алуу.

Кандай учурларда кыздар шашылып үй-бүлөлүк жашоону тандап алышат.

  1. Үйдөн кетейин, ата-энемдикинде дагы канчага чейин журөм.
  2. Дос кыздарымдын баары турмушка чыкты мен эле калдым.
  3. Турмушка кеч чыгып, кеч төрөп кыйналып калбайын.
  4. Мен эч кимге жакпайт окшойм. Мени эмнеге алышпайт?
  5. Кара далы болуп, жалгыз калып калбасам экен.

Мына ушундай коркунучтар менен шашып күйөгө чыгып алышып анан тагдырдын сыноосун көтөрө албай кыйналышат. Эгер келечекти ойлоп, шашпай тандап, түшүнүшүп тумуш курса биргеликте баарын жеңишет.

Эми сиз эмне кылышыңыз керек?

Өзүңө өзүң гана жардам бер, жоопкерчиликти моюнга ал. Балдарыбыздын келечегин ойлоп, аларга үлгү болуп жашайлы. Биз өзүбүз урушуп-талашып жатып балдарыбызга кантип жакшы тарбия бере алабыз? Алдыдагы жашообуз кандай болот? деген суроолорду узатып, жолдошуң менен ачык сүйлөш. Эгер эч кандай жыйынтык болбосо, ажырашуу керек. Канчага чейин чыдап, кыйналып жашайсың. Болгону кылдат ойлонуп чечим чыгар.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт